<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
. Am                   Dm
 Кагылайын улуу Теңир, Кудайым,
. G                    C
 Бул убакта Сенин сөзүң угайын.
.   Am                  Dm
 // Бардык ыйык сөздөрүңө кунт коюп,
. E                   Am
 Жүрөгүмдүн тереңинде сактайын. //

[V2]
. Am                       Dm
 Сени даңктап бул жараткан дүйнөңдө,
.G                       C
 Ар күн сайын мен жүрөйүн үйүңдө.
.   Am                   Dm
 // Бүт жүрөгүм кубанычка толтуруп,
. E                    Am
 Жемиш берип турсам экен күнүгө. //

[V3]
.Am                    Dm
 Улуу Теңир, Өзүң келген убакта,
. G                          C
 Сезбей калып, мен калбайын бул жакта.
.Am                      Dm
 // Ар убакта унутпастан сыйынып,
. E                  Am
 Мен толоюн кубанычтуу Рухка. //

[V4]
.Am                   Dm
 Бул дүйнөнүн кысымына чыдабай,
. G                      C
 Капалантпай жүрсөм экен Сени мен,
.Am                      Dm
 // Ар күн сайын Өзүң менен бир болуп,
. E                          Am
 Кызмат кылып, таңшып ырдап талыкпай. //</lyrics>
<title>Кагылайын улуу Теңир ATT164 РЫЖ289</title>
<hymn_number>164</hymn_number>
<key>Am</key>
</song>